Президент Садыр Жапаров ал бийликке келгенден бери өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 30 миңге кыскарганын билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
Мамлекет башчысы ал бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашаганын белгилеген.
"Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар. Былтыр 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп отуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз", - деди Жапаров.