Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктады

Өлө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – өзгөчө мамилени, абийир алдындагы жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган кызмат экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда бул кесиптин маани-маңызын түшүнө билген, моюндарында кандай жоопкерчилик бар экенин сезе билген жарандар иштеп жатат деп ишенимдүү айта алам. "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген таамай айтылган сөздөрү менен таанымал элибиздин чыгаан уулу Исхак Раззаковдун жолун улоочулар араңыздарда арбын. Чындыктан, калыстыктан тайбаган тазалыгы, саясий көрөгөчтүгү, принципиалдуулугу менен эл кадырына арзыган, калк кызыкчылыгын пенделик ынсаптан жогору коё алган уул-кыздарыбыз бар деп бекем ишенем.

Кадр маселеси бардык доордо олуттуу маселелерден болуп келген. “Кадрлар бардыгын чечет”, “Начар мыйзамдар болсо да, мыкты мамлекеттик кызматкер менен өлкөнү башкарса болот. Бирок мамлекеттик кызматкерлер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт” деген таамай сөздөр тарых барактарында бекеринен калбаган чыгар", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал жаңылануу заманында жашап жатканыбызды белгилеп, дүйнөлүк тобокелдиктерге жана чакырыктарга туруштук бере турган кадрдык дараметибизди арттыруу учурдун талабы экенин кошумчалаган.

"Бир максатта жаңы форматтагы мамлекеттик, коомдук системаны куруу, коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу, коомдук аң-сезимди калыптандыруу, улуттук идеологияны камсыз кылуу менен элибиздин ишенимине ээ болууга умтулалы.

Сиздердин Ата Мекен алдындагы жоопкерчиликтүү ишиңиздерди аткаруудагы ой-максаттарыңыздар орундалсын. Кесипкөйлүгүңүздөр артып, журт алдында жүзүңүздөр жарык болсун. Талбаган эмгегиңиздерден баар таап, эл уулу атанышыңыздарга тилектешмин. Ден соолукта болуңуздар! Өлкөбүздү жоопкерчилиги жогору мамлекеттик жана муциципалдык кызматкерлер алдыга сүрөсүн!”, - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан