Орусия Украинадагы билим берүү мекемесинин аймагына ракеталык сокку урду. Донецкте Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан үч адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымдоо каражаттары жазды.
Украинанын маалыматтары:
"Украинская правда" басылмасы Ивано-Франковск облусунда орус армиясы билим берүү мекемесинин аймагына ракеталык сокку урганын жазды. Бир нече окуу имараттары жарым-жартылай талкаланган. Жабыркагандар жок.
22-июнга караган түнү Орусия Украинанын түштүк жана батыш аймактарындагы электр энергиясын берүү системасынын объектилерине чабуул жасады. Объектилердин биринде аткылоодон эки энергетик жабыркаганын Энергетика министрлиги Telegram баракчасына билдирди. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Жабдуулар да бузулган.
22-июнда түштөн кийин орус армиясы Харьковдун райондорунун бирине төрт жолу сокку уруп, жай тургундар өлүп жана жарадар болгонун шаардын мэри Игорь Терехов билдирди. Кеминде эки адам каза болуп, 18 адам жаракат алганы кабарланды.
Орусиянын маалыматтары:
Запорожье АЭСинин инфраструктуралык объектилери 22-июнда Украинанын куралдуу күчтөрү Радуга көмөкчордонуна сокку ургандан кийин өчүрүлгөн.
"Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Запорожье АЭСиндеги "Радуга" көмөкчордонуна чабуулунун натыйжасында инфраструктуралык объектилердин иштеши үзгүлтүккө учурады", - деп айтылат станциянын Telegram каналында.
Кийинчерээк "Энергодар" ишканасынын жетекчиси Эдуард Сеновоз өзүнүн Telegram каналында "Радуга" көмөкчордонунун трансформаторун оңдоо иштери аяктаганын билдирди. Шаарды электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан Донецктин Буденновский районунда үч адам каза болгонун аймактын башчысы Денис Пушилин билдирди. Анын айтымында, каза тапкандар курулуш компаниясынын кызматкерлери болгон.