Израилдин премьер-министри АКШны кайрадан сынга алды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясын дагы бир жолу сынга алып, АКШнын аскерий жардамы Израилге “эптеп эле келип жатат” деп билдирди.

Америкалык журналист Жейк Шерман менен болгон маегинде Израилдин лидери Байдендин администрациясы менен анын ортосунда пайда болгон көйгөйлөр тууралуу айтып, анын жакын союздашы ок-дары жана курал түрүндөгү “баалуу жардамды” кечиктирген деп айыптады.

Нетаньяхунун айтымында, Израил армиясы ага АКШнын аскердик жардамы "эптеп өтүп жатканы" үчүн арызданган. Ал бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн кийин, маселени чече албаган соң коомчулукка жарыялоо керектигин айтты.

Айыптоолор америкалык тараптын буга чейинки комментарийлерине карабай кайталанып жатат. Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер ушул аптанын башында Израилдин Газага чабуулу башталгандан бери бир гана курал-жарактын жөнөтүлүшү токтотулганын, ал эми миллиарддаган долларлык башка жүктөр жөөт мамлекетине ээн-эркин киргенин айткан.

Май айында АКШ Израилге бир катар ок-дарыларды берүүнү токтоткондугу белгилүү болду, бул Израилдин агрессиясы октябрда башталгандан берки биринчи окуя болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан