Йемендеги "Ансаруллах" кыймылынын хуситтери Кызыл деңизде америкалык "Дуайт Эйзенхауэр" авианосецине ракеталык чабуул жасаганын жарыялады. Бул тууралуу хусилердин армиясынын өкүлү Яхья Сариа билдирди.
"Биздин куралдуу күчтөрдүн ракеталык күчтөрү операция өткөрдү, анын жүрүшүндө Кызыл деңиздин түндүгүндө америкалык "Эйзенхауэр" авианосецине баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен чабуул жасалган. Операция өз максатына ийгиликтүү жетти", - деди кыймылдын өкүлү хусилерге таандык Al Masirah телеканалында.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн атомдук учак конуучу кемеси "Дуайт Эйзенхауэр" Кызыл деңизде хусилердин чабуулунан кийин мекенине кайтууга буйрук алганын NBC News телеканалы билдирди.
Хусийлер Кызыл деңиздеги Израил менен байланышы бар бардык кемелерге кол сала башташты. Буга Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери себеп болгон.
Хусийлердин чабуулдары жүк ташуучу компанияларды Кызыл деңизден жана Суэц каналынан кемелерди Африканын түштүк четиндеги узунураак каттамга багыттоого аргасыз кылып, жүк ташууну кечеңдетип, товарлардын баасын көтөрдү.