Ирандын Жогорку соту рэпер Томаж Салехини өлүм жазасына тартуу өкүмүн жокко чыгарды

Рэпер Томаж Салехи

Ирандын Жогорку соту рэпер Томаж Салехини өлүм жазасына тарткан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберди.

24-апрелде Ирандын соту Салехини 2022-жылы Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларын колдогондугу үчүн өлүм жазасына тарткан. Махса Амини "хиджабды туура эмес кийген" деген айып менен адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, абакта каза тапкан.

Салехи 2022-жылы октябрда камакка алынып, 2023-жылы Ирандын Жогорку соту аны алты жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бирок Исфахан шаарынын соту бул чечимди карап чыгып, рэперди өлүм жазасына кескен.

Анын жактоочусу соттун чечимин сындап, ага каршы даттанарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан