Орусия басып алган Севастополь аймагында бүгүн, 23-июнда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан кеминде беш киши набыт кетип, 124 киши жараат алганын орус тарап билдирди. Маалыматка караганда, каза тапкандардын үчөө балдар, экөө чоң киши.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул үчүн жоопкерчиликти Вашингтонго жүктөдү жана АКШ менен Украинага жооп кайтарарын убада кылды.
"Севастополдогу жарандарга жасалган ракеталык чабуул үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте бул куралды Украинага жеткирген Вашингтонго, ошондой эле бул чабуул өз аймагынан жасалган Киевге жүктөлөт. Мындай аракеттер жоопсуз калбайт", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Украинанын куралдуу күчтөрү америкалык беш ATACMS ракетасы менен чабуул жасаган. Алардын төртөө атып түшүрүлгөн, бешинчиси абадан коргонуу күчтөрү менен кагылышып, шаардын үстүнөн жарылып кеткен.
Орусия тарабынан дайындалган Севастополдун губернатору Михаил Развозжаев 24-июнду аймакта Аза күтүү күнү деп жарыялады.
Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган.