Дагестандын эки шаарында атышуу болуп жатканы кабарланды (видео)

Орусиянын Дагестан Республикасындагы Дербент жана Махачкала шаарларында кара кийимчен белгисиз адамдар менен полициянын ортосунда дээрлик бир убакта атышуулар башталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Махачкалада атышуудан бир полиция кызматкери каза болуп, дагы алтоо жарадар болгонун Дагестандын Ички иштер министрлиги билдирди. Ошондой эле эки кол салган киши жок кылынганын маалымдады.

Мекеменин Telegram каналындагы билдирүүсү кол салууга тиешеси бар делген эки адамдын өлтүрүлгөнүн көрсөткөн видео менен коштолот. Окуялардын орду жана убактысы тактала элек.

Мындан сырткары Дагестандын дагы бир шаары Дербенттеги чиркөө менен синагогага кол салуу болгону кабарланды. Бир полиция кызматкери каза болуп, дагы бири жарадар болгонун Дагестандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Эскертүү: Видеодо этикага туура келбеген сөздөр бар!

Видео сезимтал адамдарга көрүүгө сунушталбайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан