Абхаз-орус чек арасында атышуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Абхазиянын ички иштер министри Роберт Киут РИА Новостиге Орусия менен чек арада атышуу болгонун, анын кесепетинен каза тапкандар жана жараат алгандар болгонун, бардык катышуучулар Абхазиянын жарандары экенин тастыктады.
"Саат 18:00 чамасында Псу дарыясынын жээгинде атышуу болуп, анын бардык катышуучуларынын өздүгү такталды, алардын жанынан өтүп бара жаткан адам каза болду", - деди ал.
Гагра райондук прокуратурасы Sputnik Абхазияга билдиргендей, экөө жеңил жаракат алып, үчүнчүсү ашказанынан жараат алып, операция жасалып жатат. Окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп, бардык жагдайларды такташууда.
Абхазия Грузиянын жикчил аймагы жана жарым-жартылай таанылган мамлекет. Иш жүзүндө Тбилисинин көзөмөлүндө эмес. Көпчүлүк өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Абхазияны Грузиянын бир бөлүгү катары тааныйт. Республиканын эгемендүүлүгүн БУУга мүчө 5 мамлекет, анын ичинде Орусия тааныган.