Махачкалада согушкерлер менен кагылышуу уланууда (видео)

Дагестандын баш калаасы Махачкаланын Мирзабеков көчөсүндө маал-маалы менен атышуу кайра жанданууда. Бул тууралуу Риа Новости окуянын жериндеги кабарчысы билдиргенин жазды.

Маалымдалгандай, чиркөөнүн аймагында согушкерлер менен кагылышуу эки сааттан ашык убакыттан бери уланууда.

Жекшембиде Дербент менен Махачкалада эки православдык чиркөөгө, синагогага жана жол полициясынын постуна куралдуу кол салуулар жасалганын Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Дербенттеги чиркөөдөгү дин кызматчы менен Махачкаладагы чиркөөнүн кароолчусу өлтүрүлгөн.

Дагестанда укук коргоо органдарынын 6 кызматкери каза таап, 12си жарадар болгону кабарланды.

РИА Новости агенттигинин Махачкаладагы кабарчысынын видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан