Махачкалада төрт согушкер укук коргоо кызматкерлери тарабынан жок кылынды

Дагестан Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы терроризмге каршы операциянын (КТО) алкагында Махачкалада төрт согушкер жок кылынганын билдирди.

Ошондой эле Дагестанда антитеррордук операция (КТО) режими киргизилип, Махачкала менен Дербентте ок аткандарды издөө жана жок кылуу аракеттери жүрүп жатат.

23-июндун кечинде белгисиз адамдар Дербенттеги синагога менен чиркөөгө автоматтан ок атышкан. Дагестандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салуудан 6 адам каза таап, 12 полиция кызматкери жарадар болгон. Учурда “теракт” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов Дербент менен Махачкаладагы өзгөчө кырдаалдан кийин оперативдүү штаб түзүлгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан