Дагестандагы теракттан 15 полиция кызматкери каза болду

Дагестанда чиркөөдөгү ок атышуудан 15тен ашык полиция кызматкери набыт болду. Алты согушкер жок кылынды. Бул тууралуу Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди.

Анын айтымында, дагы бир нече карапайым адамдар, анын ичинде Дербенттеги православ чиркөөсүндө 40 жылдан ашык иштеген дин кызматкери Николай да каза болгон.

Белгилей кетсек, 23-июндун кечинде белгисиз адамдар Дербенттеги синагога менен чиркөөгө автоматтан ок атышкан. Учурда “теракт” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан