Модель Алтынай Ботоярова Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин уулу Өмүрбек Ташиевге турмушка чыгат. Бул тууралуу Алтынай Ботоярова өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Анда Ботоярова кечээ, 23-июнда "Фрунзе" ресторанында өткөн сөйкө салуудагы сүрөт, видеолорун чыгарган.
19 жаштагы Алтынай Ботоярова – "Мисс Кыргызстан-2021" сынагынын жеңүүчүсү, модель. Ошондой эле "Аалам сулуусу" сынагынын да катышуучусу.