"Тандаган кесибим коомго пайдасы тийсе экен". ЖРТдан эң жогорку упай алган Эльнура менен маек 

Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай 234тү түздү. Ага өлкө боюнча үч окуучу ээ болгон. Алардын бири Талас облусундагы "Мээрим" окуу-тарбия комплекс-лицейинин окуучусу — Эльнура Эркинбекова.

"Алтын сертификат" ээси менен SUPER.KG порталы баарлашып, куттуктадык. Маектешибиз ийгиликтери жана келечек пландары жөнүндө ой бөлүшүп жатып, тандаган кесиби жашоосуна ийгилик, коомго пайда берсе экен деген аруу тилегин билдирди.

- Эльнура, "Алтын сертификат" алышың менен куттуктайбыз! Өзүң жөнүндө айта кетсең? Кайсы сабактар жагат? Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?

- Рахмат, баарыңыздарга! Мен Эльнура Эркинбекова, Таластагы кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү. Бул жерде мен 7-класстан тарта билим алдым. Алгачкы кадам таштаган билим уям Сокулуктагы Алымкул Жакшылыков атындагы №1 мектеп-гимназиясы. Үч бир туугандын эң улуусумун, бир иним анан сиңдим бар. Мектепте бардык предметтер жагат, бирок алардын арасынан өзгөчө англис тилин жактырам. Мындан улам кыздар лицейин тандап, Таласка келип окуп калдым. Билим берүү уясы менин тилге болгон кызыгуумду ого бетер арттырып, олимпиадаларга катыштым. Окуудан тышкары бош убактымда китеп окуганды жактырам. Ошондой эле буюм-тайымдарды токуп, айланага суктана эс алып басканды өзгөчө жакшы көрөм.

Апасы Мээрим Нукешева менен

- Тестирлөөгө кантип даярдык көрдүң? Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн канча убакыт талап кылынды?

- Лицейдин билим берүү ыкмасы мага чоң мүмкүнчүлүк ачты десем жаңылышпайм. Бул жерде биз 10-класстан баштап эле ЖРТга даярдык көрүү үчүн кошумча предметтерди өтүп баштадык. Менин баамымда, өзүм ошол окуу жылынын жарымынан баштап өзгөчө көңүл буруп, даярдыкты күчөттүм окшойт. Жалпылап айтканда, 1,5 жыл тынымсыз эле даярданып жүрдүм десем болот. Короткон убактым, алган билимим, аракетим текке кетпеди.

Атасы Азамат Шейшеналиев менен

- Мындай жыйынтыкты күттүң беле? Кандай сезимдер болуп жатат?

- Ооба, жакшы жыйынтыкты күткөм. Бирок эң жогорку упай алган үчөөнүн бири болуп калам деп ойлогон эмесмин. Ошончо жылдык эмгегим, билимим, даярдыгым мени уяткарбайт деп, жогорку упай алам деп эле жүрдүм. Учурда дагы деле өзүмө келе албай, кубанычымда чек жок. Мектепте билим берген агай-эжейлериме, колдогон ата-энеме, жакындарыма ыраазычылык.

- Кайсы кесиптин ээси болом деп жатасың? Келечектеги ой-максаттарың кандай?

- Азырынча бул кесиптин ээси болом деп так айта албайм. Бирок мен эл аралык мамилелер факультетин бүтүрөм деп максат койгом. Анткени бул багыт менин жүрөгүмө жакын. Жогорку окуу жайды окуп жаткан жылдары мага эмне керек экенин, кайсы багытта ийгилик жарата ала турарымды аңдап, билип анан ошол багытта өз жолумду улайм. Алгач бакалаврды Кыргызстандагы университеттердин биринен бүтүрүп, андан соң чет өлкөгө барып магистрант болуп келем деген максаттарым бар. Эң негизгиси тандаган кесибим жашоомо, багынта турчу ийгиликтериме жардам берип, коомго пайдасы тийсе экен деген аруу тилектерим бар.

- Келерки жылы аяктоочу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тестирлөөгө даярдык көрүү үчүн кандай кеңеш бересиң?

- Алгач өзүңөргө анализ жүргүзгүлө. Кайсы сабактан аксап жатсаңар, дал ошол багытка басым жасоо кажет. Аны кайсы учурда билебиз? Даярдык көрүү учурунда көптөгөн тестирлөө болот, кайдыгер мамиле жасабастан, ар биринин чыккан жыйынтыгы менен анализ жүргүзүү мүмкүн. Ошондо акырындап каталардын үстүнөн иштеп, ийгиликке жетсе болот. Эң негизгиси өзүңдү жоготпой, эркин, ишенимдүү тапшыруу керек. Ойлонуп жатып ден соолукка зыян келтирип албагыла. Көпчүлүк айткандай, тест – бул жашоодо негизги жана акыркы мүмкүнчүлүк эмес экенин билели. Андыктан алган билимибиз, тарбиябыз жашоодогу багындыра турган бийиктиктерге жол көрсөтсүн.

- Ыраазычылык сага, Эльнура! Жогорку окуу жайга ийгиликтүү тапшырып, өзүң белгилеп өткөндөй, мамлекетке пайдаң тийген жаштардан бол! Сени менен сыймыктанабыз!

Белгилей кетсек, Эльнурадан тышкары, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу — Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү — Максат Оморов алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан