"Евро-2024": Роналдунун күйөрманына жасаган реакциясы видеого түшүп калды

Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду Европа чемпиондугунун алкагындагы Түркияга каршы оюнда бир нече күйөрмандарынын "чабуулуна" кабылды.

Тагыраагы, Роналду менен сүрөткө түшүү үчүн күйөрмандар трибунадан талаага бир нече жолу чуркап чыгышкан. Алгачкы 2 күйөрманы менен сүрөткө түшкөн Роналду үчүнчүсү чуркап чыкканда ачуулана түшкөн. Коопсуздук кызматкерлер талаага чуркап чыккан күйөрманды кармап, алып кетишкен.

Белгилей кетсек, Португалия курамасы бул беттеште 3:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Роналдо күйөрмандары менен сүрөткө түшүү учурунда ачуулу эмоциясын көрсөткөн
Роналдо күйөрмандары менен сүрөткө түшүү учурунда ачуулу эмоциясын көрсөткөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан