Дагестандын Дербент шаарындагы терактты уюштурган согушкерлердин бири Абдулманап Нурмагомедов мектебинин окуучусу жана анын уулу Хабибдин Eagles MMA клубунун мушкери Гаджимурад Кагиров болушу мүмкүн. Бул тууралуу дагестандык телеграм каналдар жазышты.
Азырынча анын өлүмү тууралуу расмий маалымат жок.
28 жаштагы Гаджимурад Кагиров Дагестандын Сергокалинский районунун тургуну, эркин күрөш боюнча спорт чебери. Карьерасында эки жолу ММА беттешин өткөргөн (экөөндө тең жеңишке жетишкен). 2021-жылы Кагиров Абдулманап Нурмагомедов атындагы мектептин атынан беттештерге катышкан.