Сауд Арабиясында ажылыкка барган 1301 зыяратчы каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Сауд Арабиянын саламаттыкты сактоо министри Фахд бин Абдел Рахман аль-Жалалел жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде каза болгондордун 83 пайызында тиешелүү визалары болбогонун айткан.
Ошондой эле министр каза болгон зыяратчылардын сөөгү Меккеде коюлганын, алардын көбү улгайган адамдар жана өнөкөт оорулар менен жабыркагандар экенин кошумчалаган.
Мындан тышкары министр жабыркаган 465 миң зыяратчыга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, анын ичинен 141 миң адамда ажылык визасы жок экенин айткан.