"Евро-2024": Германиянын оюнунда сенсация болду

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 3-турдук оюнунда сенсация болду.

Тагыраагы "А" тайпасындагы Германия Швейцария курамасы менен кез келип, фаворит саналганына карабастан жеңе алган жок.

Германия эки беттеште алты упай алып, плей-оффко мөөнөтүнөн мурда чыккан. Алар бул оюнда фаворит катары саналып, бирок жыйынтыгында жеңишке жете алышкан жок. 28-мүнөттө Дан Ндойе Швейцарияны алдыга чыгарса, 90-мүнөттөн кийин кошулган убакытта Никлас Фюллкруг башы менен кооз гол жаратып, Германияны жеңилүүдөн сактап калды.

Муну менен Германия курамасы жети упай топтоп, "А" тайпасында биринчи орунду ээлесе, Швейцария курамасы беш упай менен экинчи орунду ээлеп, плей-оффко жолдомо алды.

Ошондой эле дагы эки команда 1/8 финалга эрте өттү: "В" тайпасында Испания курамасы плей-оффко чыкса, ал эми Португалия курамасы "F" тайпасынан мөөнөтүнөн мурда чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан