Дагестандагы теракт: Хабиб Нурмагомедов билдирүү жасады

Атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына Дагестандагы согушкерлердин чабуулунан каза болгондордун жакындарына көңүл айткан постун жарыялады.

"Мен курман болгондордун бардык үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Аллахым баарыбызды ушундай абалдан сактасын, асманыбыз ачык болсун. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр, ар бир адам өзү жана балдары ким менен баарлашып жатканын карап, айлана-чөйрөгө көз чаптырсын", - деп жазды ал.

Кечээ, 23-июнь күнү кечинде Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарында террорчулар чиркөөлөргө жана полицияга чабуул жасаган. Мындан улам Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бардык оюн-зоок иш-чаралары токтотулуп, желектер түшүрүлдү. Кол салууларда 15 полиция кызматкери жана бир нече жай тургун набыт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан