Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.