61 жаштагы Григорий Лепс 2006-жылкы кыз менен мамиледе экенин ачыктады

Орусиялык белгилүү ырчы Григорий Лепс быйыл эле мектепти бүткөн Аврора Киба аттуу кыз менен мамиле курганын, үйлөнүү планын дагы жашырган жок. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кыз менен ырчыны кыздын ата-энеси тааныштырган. Экөөнүн мамилеси күчөп отуруп, ал сүйүүгө айланган. Жакында эле Григорий Лепс өзүнөн 43 жаш кичүү кыздын колун бриллиант шакек менен сураган. Анын жакындары тойду күтүп жатышканын жашырышкан эмес.

Жакында эле Москвада өткөн Премия «Муз-ТВ» салтанатына Григорий Лепс Аврора Кибаны ээрчитип келген. Анда журналисттерге берген маегинде ал кайра үйлөнүп, балалуу болууга даяр экенин ачык айткан.

"Кудай буюрса, балдар дагы, жубайым дагы болот. Мен бул үчүн баарын жасайм", - деген ал.

Григорий Лепс 2006-жылкы кыз менен мамиледе экенин ачыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан