Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында бүгүн, 24-июнда өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
"Дагестанда болуп өткөн терактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.
Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Орусия Өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт", - деп белгилеген мамлекет башчы өз телеграммасында.