Кечээ, 23-июнь күнү Дагестанда дагы бир үрөй учурган окуя болду. Анда террорчулар полиция кызматкерлери менен атышып, бир нече адам каза болду. Учурда акыркы окуялар тууралуу эмнелер белгилүү болгонун карап көрдүк.
Негизгилер:
- Дербент менен Махачкала шаарындагы ок атышуулар тууралуу алгачкы кабарлар кечки саат алтылар чамасында түшө баштаган. Саат 17:51де полицияга Дербентте бир кызматкердин жаракат алганы тууралуу биринчи маалымат түшкөн. Алгач ок аткандар Ленин көчөсүндөгү православ чиркөөсүнүн имаратына келип, бир дин кызматкерин өлтүрүп, андан соң синагогага барышкан. Ал жерден алар имаратты өрттөп, полиция менен атышууну улантышкан. Мындан улам бүткүл Дербент полициясына чогулууга буйрук берилген. Ок аткандар ак түстөгү Фольксваген Поло унаасы менен жүрүшкөн.
- Ошол эле маалда Махачкаладагы синагогада өрт чыкканы кабарланган. Жакын жердеги Ермошкина көчөсүндө полиция менен атышуу башталган, анда согушкерлер тартип сакчылары менен унааларды аткылашкан.
- Дагестандын башчысынын айтымында, Дербент менен Махачкалада болгон чабуулда 15 укук коргоо кызматкери набыт болуп, дагы 17си жарадар болгон. Кеминде эки карапайым курман болгондор да белгилүү. Алар: Дербенттеги чиркөөнүн башчысы 66 жаштагы Николай жана Махачкаладагы чиркөөнүн күзөтчүсү.
- Беш согушкер жок кылынды: үчөө Махачкалада жана экөө Дербентте. Алардын экөө Дагестандын Сергокалин районунун башчысы Магомед Омаровдун уулдары Осман жана Адил Омаровдор. Дагы бирөө анын жээни. Магомед Омаров Орусиянын ички иштер министрлигине жеткирилди.
- Дагестандык басылмалардын маалыматы боюнча, жок кылынган согушкерлердин бири ММА мушкери Гаджимурад Кагиров болгон.
- Окуяга күбө болгондор Махачкаланын пляжында дагы адамдар кармалганын билдиришти. Алардын кол салгандар менен байланышы болушу мүмкүн.
- Террорчулар Махачкалада полиция кызматкерлерине кол салуу учурунда америкалык Ар-15 мылтыгын колдонушкан.
- Дагестанда ыкчам издөө иш-чаралары уланууда, коопсуздук кызматкерлери террорчулардын шериктерин аныктоодо.
- 24, 25 жана 26-июнь Дагестанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка Дагестандын башчысы Сергей Меликов кол койду.