Татарстандын борбору Казан шаарында өткөн Эл аралык БРИКС спорттук оюндарында өлкөнүн курама командасы 51 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан медалдык эсеп боюнча, 2 алтын, 11 күмүш, 38 коло менен 9-орунду ээлеген.
"Мелдешке өлкө атынан 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн катышты", - деп айтылат маалыматта.
Департамент кошумчалагандай, 12-23-июнь күндөрү өткөн Эл аралык мелдешке жалпы 90 мамлекеттен 4 миң 751 спортчу катышкан.