Бакунун Хазар районундагы атышуудан үч азербайжандык полиция кызматкери жана бир тургун набыт болду. ТАСС агенттиги Азербайжандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасынын биргелешкен билдирүүсүнө таянып кабарлагандай, окуя бүгүн, 24-июнда Бакунун Хазар районундагы Шувалан айылында болгон.
Маалым болгондой, бир нече жолу соттолгон, учурда издөөдө жүргөн Ровшан Аллахвердиев милиция кызматкерлерине, аны кармоого аракет кылган учурда куралдуу каршылык көрсөткөн.
Ок аткан адам жок кылынганы кабарланууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.