Ислам Махачев дагы Дагестандагы теракттан кийин кайрылуу жасады

UFC уюмунун учурдагы чемпиону, дагестандык мушкер Ислам Махачев Дагестандагы каргашалуу окуялардын фонунда ислам дини жана ага карата адамдардын мамилеси тууралуу пост жарыялады.

"Ислам дини кимдир бирөөнүн бейкүнөө адамдарга зомбулук көрсөтүүсүнө тыюу салат. Адамдын ар-намысына, мүлкүнө кол салууга жол бербейт. Ушуга окшогон адамгерчиликсиз кылык-жоруктарды мындай нерселерге катуу тыюу салынган кереметтүү ислам дини менен байланыштырбагыла!” - деп жазды Махачев социалдык тармактагы баракчасына.

Эске сала кетсек, кечээ, 23-июнда кечинде Дербенттеги чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкалада полиция постуна куралчан адамдар кол салышкан. Бул окуялардын натыйжасында ондогон адамдар каза болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан