ЮНИСЕФ Казакстан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү Дирекциясы ЮНИСЕФ Казакстан ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Аталган документ жылдын эң маанилүү спорттук иш-чараларынын бири жана ал инклюзивдүүлүктү жана балдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган маанилүү кызматташтыктын башталышы.

Ага ылайык, ЮНИСЕФ Казакстан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий коммерциялык эмес өнөктөшү болуп калды.

Анда ЮНИСЕФ бардык балдар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого кубанычта экендигин билдирди.

Меморандум - балдардын укуктары боюнча маалымдуулукту жогорулатууга, инклюзивдүүлүктү камсыздоого жана оюндарды уюштурууда техникалык колдоо көрсөтүүгө багытталган демилгелердин кеңири спектрин камтыйт.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 13-сентябрына чейин Астанада өтөт. Ага 89 өлкөдөн 2500дөй катышуучулар спорттун 21 түрү боюнча катышат. Бул чоң иш-чара маданий жана спорттук майрам гана болбостон, ошондой эле балдардын укуктары жана инклюзивдүүлүк жөнүндө негизги билдирүүлөрдү жайылтуу үчүн аянтча болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан