Дагестанда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтарды жоюуга байланыштуу антитеррордук операцияны токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 24-июнда саат 8:15 чамасында Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарларынын административдик чектеринде терроризмге каршы операциянын укуктук режими токтотулду.
Улуттук антитеррордук комитет алты согушкер жок кылынганын жарыялады. Учурда алардын шериктерин издөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, кечээ, 23-июнь күнү кечинде Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарында террорчулар чиркөөлөргө жана полицияга чабуул жасаган. Мындан улам Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бардык оюн-зоок иш-чаралары токтотулуп, желектер түшүрүлдү. Кол салууларда 15 полиция кызматкери жана бир нече жай тургун набыт болгон.
Ошондой эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.