Сеулга жакын аймакта заводдон ири өрт чыкты. Жабыркагандар бар (видео)

Түштүк Кореядагы литий батарейка чыгаруучу заводунда чыккан өрттөн 20дан ашуун адам каза болду. Дагы үч адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамасында Сеулдан 45 чакырым түштүктө жайгашкан Хвасон шаарындагы “Aricell" заводунун үч кабаттуу имаратында чыккан. Өрт болжол менен 2300 чарчы метр аянтка жайылган. Аны беш сааттан кийин гана көзөмөлгө алууга мүмкүн болгон. Ал аралыкта ичинде батарейкалар жарылып, өрттү өчүрүүнү кыйындаткан.

“Алгач үч адам жабыркап, экөө жеңил жаракат алганы кабарланган. 23 жумушчу дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар имартка кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон учурда, анын ичинен 20дай адамдын сөөгүн табышкан. Тийиштүү адистер кырсыкка кабылгандардын толук саны экспертизанын жыйынтыгы менен айтыларын билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Сеулга жакын аймакта заводдон ири өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан