"Гойнок", "наоборот". Нуржигит Кадырбеков жаштар арасында ката жазгандар көбөйгөнүн сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жаштар арасында ката жазгандар көбөйүп жатканын айтып, сынга алды. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бүгүн, 24-июндагы жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, комитетте билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат берип жаткан.

"Кийинки мезгилдерди кат жазуудагы сабаттуулук жоголуп бара жатат. Мурда биз бала кезде абышка-кемпирлерге китеп окуп берер элек. Анан жаштар сабаттуу, карылардын сабаты жок дечүбүз. Азыр карылар сабаттуу, жаштарда сабаттуулук жок болуп калды. Карылардан кат келсе, кол жазмасы да жакшы, түшүнүктүү, анан ката кетирбейт. Азыр эми комментарийлерди кара, анча-мынча соцтармакка жазылган маалыматтарды карасаң аябай ката кетиргендер көп", - деди депутат.

Ошондой эле ал дарегине ката жазылган каттар келерин айтып, мисал дагы келтирди.

"Матор" (мотор), "гойнок" (көйнөк), же болбосо "наоборот" (наборот), "машенниктер" (мошенник) деп эле кандай угулса ошондой жазып кетирип жатышат. Өткөндө бир жерде "продаеся яйсо" деп жазып коюптур. Мурдагы заманда ушундай каталар болсо чара көрүлчү эле. Ошондуктан ушул сабаттуу жазуу боюнча дагы карайт окшойбуз. Болбосо кандай болуп кетибиз билбейм", - деп министр Кендирбаевага кайрылды.

Кендирбаеванын айтымында, аталган маселе боюнча мугалимдерге талаптар күчөтүлөт.

"Бул боюнча мугалимдерге коюлган талаптарды дагы күчөтөбүз. Педагогикалык окуу жайларга келе турган абитуриенттердин дагы босого баллын жогорулатабыз. Мугалимдердин профессионалдык жетишкендиктерин туташ баалоо системасын киргизип жатабыз. Бир мезгилде мугалимдер үчүн жалпы республикалык тестирлөө өткөрөбүз. Мындан ары алар өзүнүн житишкендиги боюнча акы ала турган системаны киргизебиз", - деп жооп берди министр.

24.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан