Ноокенде сайга жакын турак жайларды сел каптады

Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда сайга жакын жайгашкан турак жайларды сел суулары каптады. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, бүгүн саат 17:00 чамасында жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттордон топтолгон сел Ноокен районунун Д.Садырбеков жана Базар-Коргон районунун Шайдан-Сай сайына жакын жайгашкан турак жайларды каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан