Президент Садыр Жапаров Брюсселге (Бельгия Королдугу) иш сапары менен барды. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысынын борту Брюссель шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Анда Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Орусия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот. Мындан тышкары эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.