Бүгүн, 25-июндагы парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.
Ал ГЭСтин курулушун баштоого даярдыктарды көрүү иштери жүрүп жатканын, буга бюджеттен 1 миллиард 555 миллион сом бөлүнгөнүн, дагы 1 миллиард 500 миллион сом Финансы министрлиги тарабынан каржыланарын айтты.
"Жолун, көпүрөсүн салып жатабыз. Анан курулуш шаарчасын даярдап жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле Ибраев ГЭСти куруу иштери 6-8 жыл аралыгында бүткөрүлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары министр аталган долбоорго Дүйнөлүк банк каржы бөлүп жатканын, дагы башка инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.