"Биринчи мугалим", "Ак мөөр" тасмаларында роль жараткан актёр Болот Бейшеналиев тууралуу фактылар 

Бүгүн, 25-июнда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу актёр Болот Бейшеналиев туулган. Ал 1937-жылы Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы каардуу согуш мезгилине туш келип, жаштайынан бекем болууга үйрөнгөн. Атасы Бейшеналы да эл катары согушка аттанып, 1943-жылы бутунан жаракат алып кайтып келген.

Чыгармачылык жолу...

Болот Бейшеналиев чыгармачыл чөйрөгө кокустан келип калган. Ал Айыл чарба институтуна окууга келип, орус тилин начар билгендиктен өтпөй калат. Үйүнө кайтпаш үчүн Кыргыз Опера жана балет театрына жумушчу болуп орношот. Анын максаты орус тилин үйрөнүү, бир жылдан кийин окууга өтүү болгон. Бир күнү достору менен "Айчүрөк" операсына кирип, Семетейдин ролун аткарган айылдашы Кыдырбек Чодроновду көрүп, тагдырында бурулуш башталат. Анын таасири менен Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп бүтөт. Болоттун чыгармачылык жолу мына ушинтип башталган.

Болоттун ташкындаган талантын байкаган ошол кездеги маданият министри Казакбаев Ташкенттеги театралдык институтка барып окууну сунуштайт. Институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин артисттерди бөлүштүрүү башталып, министрдин чечими менен Болот Нарын театрына бөлүнсө да ал жакка баруудан баш тартат. Болоттун каяша кылганына ачууланган министр институтка кат жиберип, "Болот ишке алынбасын" деп катуу эскертет. Ошентип эч жер кабыл албай, бир жылдай бош жүрүп калат.

Бир күнү тааныш кинооператор жолугуп, "Кыргызфильмге" чакырат. Режиссёр Мелис Убукеевдин киришүүсү менен эң биринчи жолу "Тайгак кечүү" фильмине тартылат. Ушул фильмден кийин эле "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, мугалим Дүйшөндүн ролу берилет. Актёрдун жарк эткен жылдызы ушул фильмден жанып, анын талант, даремети ушул тасмадан бааланат. Ушундан соң андан кийинки жашоосу, өмүрү, сүйүүсү жалгыз гана киного байланып калат.

"Биринчи мугалимден" кийин "Ак мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун чеберчилик менен аткарган.

Үй-бүлөсү...

Актёр 60-жылдардын аягында "Кызыл кумдар" атту өзбек тасмасына тартылган. Ал жерден түркмөн кызы Гүлсара менен таанышып, алар бош кошушат. Бирок экөөнүн үй-бүлөлүк бактысы көпкө узаган эмес. Азиз аттуу уулдуу, Гүлназ аттуу кыздуу болгондон кийин жубайлар эки жолго түшкөн. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жылдар бою чогуу жашап, бирок түгөйлөр ажырашууну чечишет. 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келип, Турсун аттуу айымга жолугуп, алар 11 жыл, өмүрүнүн акырына чейин, бирге өмүр сүргөн. Жубайы Турсун Тураева жолдошу Болот Бейшеналиев тууралуу маек берип, экөөнүн бирге түтүн булаткан кезин төмөнкүчө эскерген.

"Бирөөнүн көңүлүн оорутпаган адам эле. Айрыкча аял затына өтө аяр мамиле жасачуу. Менин көңүлүмдү сөз менен алчу. 11 жыл бирге жашадык ушул аралыкта мага гүлдөн башка белек берген эмес. Гүлдү анча жактырчуу эмесмин "башка нерсе деле берсең боло, сүйүнүп калайын" деп таарынсам, "я сам подарок" деп көкүрөгүн ургулап койчу. Ага да алымсындай "деги мени жакшы көрөсүңбү?" деп сурап койчумун. "Жакшы көрбөсөм ушул жерде жүрөт белең?" десе сүйүнүп калчумун. Кээде "мурда эле жолуксак эмне, балдарыбыз дагы өзүбүздүкү болот беле" деп өкүнүп калчу. "Жаш кезде жолукканда сен мени карабайт элең" деп күлүп калчу элем. Бир жолу түркмөн аялы менен жашап жүргөндө араба (коляска) сүйрөп жүргөнүн көчөдөн көргөм, ошондо күйөөм болуп калат деп ким ойлоптур.

Өмүрүнүн акырында поэзияга ыктап калган. Таттыбүбү Турсунбаевага арнап да ырларды жазды. Окуп чыгып "бул жерин мындай кылсаң болбойбу?" деп түзөп берчүмүн. Таттыбүбү менен таанышканда Болот 20дан жаңы ашса, Таттыбүбү 20га да чыга элек кыз экен. Ал сүйүүдө эмне күнөө. Мага да арнаган бир топ ырлары бар...", деп эскерген жубайы.

Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев ата жолун улап, актёр. Азиз алгач 1997-жылы "Темирлан" фильминде атасы менен бирге тартылган. Атасы хандын ролун, ал эми уулу баласынын ролун аткарышкан эле. Андан соң Азиз "Мосфильмде" "Трио" аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын "Көчмөндөр" фильминде роль аткарган. Азиз көп өтпөй эле казактардын чоң фильмине тартылууга чакырылып, "Мустафа Чокай" фильмине тартылып, башкы каармандын ролун жараткан. Ага чейин кыргыз-казак режиссёрлору биргелешип тарткан "Бейиш канаттуулары" аттуу фильмде башкы ролду ойногон.

Сыйлыктары...

Болот Бейшеналиев жүздөн ашык кино тасмага тартылган. Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.

Кыргыз Эл артисти 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында капысынан жүрөк оорусу кармап калып кайтыш болгон. Каза болгондон кийин туулган жери Кемин айылында ага эстелик тургузулуп, анын ысымын айылдык кинотеатрга беришкен.

25-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан