Орусияда медициналык окуу жайды аяктагандарды кеминде 3 жыл ооруканада иштөөгө милдеттендирүү сунушталды

Медициналык жогорку окуу жайларды бүтүргөндөн кийин жаш адистер үч жыл медициналык мекемелерде иштеши керек. Мындай сунушту Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко билдиргенин Риа Новости жазды.

Ал бүгүнкү күндө аймактарда дарыгерлер менен мугалимдердин жетишсиздиги курч көйгөй экенин эске салып, дарыгерге көрүнүү үчүн бир нече жумадан кийин гана кезек жетерин белгилеген.

"Аймактардагы медициналык кызматкерлердин жана мугалимдердин жетишсиздиги баарыбызга маалым. Бул жерде эмгек акынын деңгээли жана калкты турак жай менен камсыз кылуу чоң роль ойнойт", - деген спикер.

Анын айтымында, федералдык деңгээлде да, аймактарда да чаралар көрүлүп жатат, бирок кырдаал өзгөрбөйт. Ооруканалар оңдолуп, кайра жабдылып, фельдшердик-акушердик пункттар курулуп жатат, бирок врачтар, дарылай турган эч ким жок.

"Дарыгерлерди даярдоого мамлекет эбегейсиз каражат сарптайт, бирок алардын көбү окууну аяктагандан кийин медициналык мекемелерге жумушка барышпайт. Менин оюмча, бул жаатта мамлекеттик саясатты жаңыртып, мыйзамдуу механизмдерди табууга, эреже катары, медициналык окуу жайды аяктагандан кийин медициналык мекемелерде үч жылдан кем эмес иштөөгө убакыт келди", - деди саясатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан