Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы Горький сейил багында аял киши аттаркциондон секирип кетти. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо департаменти билдирип, секирген келин каза болгонун айтты.
Маалымдалгандай, шаардык полиция суицид боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди, өлүмдүн себептери жана жагдайлары такталып жатат.
Ал эми казак басылмалардын кошумча берген маалыматына ылайык, аял өз жанын кыяр алдында кызын муунтуп өлтүргөн.
“Ал Иле районунда жашаган. Эс алуу багына келер алдында үйүндө жашы жете элек кызын муунтуп өлтүргөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирген полиция кызматы.