Төрт дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Рой Жонс кичүү уулу ДеАндре Жонстун өз жанын кыйган трагедиялуу өлүмүн жарыялады.
Социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө Рой Жонс уулу акыркы түнүн үй-бүлөсүнүн жанында өткөргөнүн айтты.
"Менин уулум ДеАндре ишемби күнү өз өмүрүнө кол салды. Ал жума күнү үйгө келип, өмүрүнүн акыркы түнүн үй-бүлөсү менен өткөрдү, бул үчүн Жаратканга ыраазымын. Мен билем, көп адамдар азыр оор күндөрдү баштан кечирип жатышат, бирок эч нерсе өмүрүн кыйууга арзыбайт.
Бул жоготуу процессинде менин жана менин үй-бүлөмдүн купуялуулугун сыйлашыңыздарды суранам. Колдооңуздар үчүн рахмат”, - деп жазды Рой Жонс.
ДеАндре Рой Жонстун үч баласынын бири болгон, ошондой эле анын Дешоун жана Рой Жонс III аттуу эки уулу бар. Баары расмий жубайы Натлинден.