Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-июнда Чүй ОИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Кара-Жыгач айылында белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери аял ур-токмоктон улам каза болгонун аныкташкан. Маркум 1982-жылы туулган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү), 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Тергөөдө шектүү менен маркум Көк-Жар айылында жайгашкан чарбалардын биринде чогуу жашап, иштеп келишкени белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле облустук милициядан бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.