Тарыхта биринчи жолу Айдын арткы бетинен топурак алынып келинди (видео)

Кытайдын "Чанъэ-6" зонду Айдын арткы бетинен топурак алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, аталган зонд 25-июнда өлкөнүн Ички Монголия аймагындагы Сыцзыван районуна конгон.

Бээжин "Чанъэ-6" зондун 3-майда учурган. Аппарат 2-июнда Айдын арткы бетине конуп, топурактын үлгүлөрүн чогултууга киришкен. Кытай окумуштуулары дээрлик 53 күнгө созулган зонддун миссиясынын ийгиликтүү аякташы Айды изилдөө тарыхындагы маанилүү этап экенин белгилешүүдө.

Муну менен Кытай тарыхта айдын арткы бетинен топурак үлгүлөрүн алып келген биринчи өлкө болуп калды.

25.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан