Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев сөгүнүп алып кесиптештерин күлкүгө салды.
Жыйында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу" мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан. Анда Маматалиев долбоордун демилгечилеринин бири катары эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып сөгүнүп алды.