Баткен: Селден улам эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышууда

Баткен районунда селден улам коопсуз аймакка көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, 24-июнда Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Аталган аймактарда 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород тилкелерине, 5 социалдык объектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирген. Ошондой эле 17 ички чарбалык жол, 2,7 чакырым коргоо тосмо, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампа, 1 трансформатор зыянга учураган.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар ошол учурда коопсуз аймакка көчүрүлүп, учурда үйлөрүнө кайтышууда.

Түнү менен райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Эске салсак, Баткен облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн 1 райондо жана 2 айыл аймакта “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан