Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “TBEA Company Limited” компаниясынын президенти Чжан Синь менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жолугушуу Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында өткөн.
Анын жүрүшүндө компания тарабынан буга чейин ишке ашырылган Бишкек шаардык ЖЭБин модернизациялоо, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысын жана подстанция куруу, республиканын түштүк аймагынын электр өткөрүү чубалгысын жакшыртуу долбоорлору жана келечектеги пландар тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Жапаров "ТВЕА" компаниясы тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, компанияны Кыргызстанга кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү үчүн катышууга чакырды.
"Кызматташуунун эң тез багыттарынын бири электр унааларын кубаттоочу ыкмаларын ишке киргизүү жана орнотууга болот", - деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде "ТВЕА" компаниясынын президенти Чжан Синь Кыргызстан менен жаңы идеяларды жана энергетикалык долбоорллорду ишке ашырууга дайым даяр экенин билдирди.