Футбол боюнча Австрия курама командасы тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европа чемпиондугунда өз тайпасында 1-орун менен плей-офф баскычына өттү.
Кечээ, 25-июнда "D" тайпасындагы австриялыктар алты упайга ээ болуп, акыркы турда Франция курамасы менен тайпада лидерликти тең бөлүшүп келген Нидерланды курамасын 3:2 эсебинде утуп алды.
Муну менен Австрия өз тайпасында 1-орун менен кийинки баскычка өттү.
Ушул эле тайпанын дагы бир беттешинде Франция курамасы Польша менен тең чыкты (1:1). Бул оюнда Килиан Мбаппе Евродогу дебюттук голун киргизди.
Эскерте кетсек, буга чейин австриялыктар "Евро-2024" мелдешинде француздарга утулуп (0:1), Польшаны 3:1 эсебинде жеңген.
Тайпадан плей-оффко өткөн башка команда 2-орунду алган Франция болду. Ал эми 4 упай алган Нидерланды курамасы 3-орун менен тайпасынан плей-оффко чыгып кетти.