Президент Садыр Жапаровдун Бельгия Королдугуна (Брюссель) болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров иш сапардын алкагында Бельгиянын Королу Филипп жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушууларды өткөргөн.
Ошондой эле мамлекет башчы жумушчу сапары менен Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барган.
"Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды - биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды жеткирүүнү координациялайт. ERCC суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт. Ал улуттук бийликтердин же БУУ органынын өтүнүчү боюнча ири табигый кырсыктан жапа чеккен ЕБ ичиндеги же тышындагы каалаган өлкөгө жардам бере алат", - деп айтылат маалыматта.