Сингапурда эркек киши кумарканадан 4 миллион сингапур долларын утуп алып, ошол жерде жүрөгү кармап каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуяны күбөлөрдүн бири интернетке таратып жиберген. Анда кишинин жерде жатканын жана ага кумарканадагы кызматкерлердин жардам берип жатканын көрүүгө болот.
Маалымдалгандай жерине "Тез жардамдын" дарыгерлери келип, бейтапка жардам бере алган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум чоң суммадагы акча утканын уккандан кийин катуу сүйүнүп, жыйынтыгында жүрөгүнө күч келип, андан кийин каза болгон.