Садыр Жапаров карындашы үчүн элден кечирим сурады

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде карындашы Лазат Нуркожоева жаштык кылып жатканын айтып, элден кечирим сурады.

Анда президентке: "Жакындарыңыз өздөрүнүн жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо сиз менен кеңешеби, же сиз аларга эң жогорку мамлекеттик кызматыңызды эске алып, кандайдыр бир талаптарды коёсузбу? Анткени буга чейин да Лазат Нуркожоева соцтармакта унааларын, иштеген жеринин сүрөттөрүн жарыялап, талаш-тартыш менен коштолгон талкууларды жаратты эле?" - деген суроо берилген.

Садыр Жапаров туугандарына бул боюнча катуу талаптарды коюп келе жатканын жашырган жок.

"Албетте, бир туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коём. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги “күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип отурат.

Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан