Орусиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүндө тыюу салынган. Ага жооп катары Орусия Евробиримдиктин ондогон маалымат каражаттарына чектөө киргизди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, тизмеге 81 басылма жана агенттик кирген.
"Орус тарап журналисттерди саясий куугунтуктоо жана Евробиримдиктин мейкиндигинде орусиялык маалымат каражаттарына негизсиз тыюу салуулар көз жаздымда калбай турганын эскерткен", - деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында.
Тизмеге 25 өлкөнүн маалымат каражаттары кирген. Алардын арасында Германиянын “Die Zeit” журналы, Польшанын “Belsat” телеканалы, Франциянын “Le Monde” жана “Liberation” гезиттери, “Euobserver” интернет басылмасы, швециялык SVT телерадиокомпаниясы бар. Тышкы иштер министрлиги орусиялык маалымат каражаттарына коюлган чектөөлөр алынып салынса, анда орус тарап да «аталган медиаоператорлорго карата чечимин кайра карап чыгарын» кошумчалады.