Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди кызматтан алууга макул болду

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карашты.

Аталган маселе боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

24-июнда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткен.

Бөкөнтаев бул кызматка 2021-жылы дайындалган болчу. Азырынча анын кайсы кызматка барары белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан