Бүгүн, 26-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун "С" жана "D" тайпасынын акыркы турдук оюндары өтүп, жыйынтыгында турнирдин плей-оффуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон дагы эки команда аныкталды.
Алар Хорватия ("В" тайпасы) жана Сербия ("С" тайпасы).
1/8 финалга тайпадан 2 мыкты команда жана үчүнчү орунду алган 4 мыкты команда чыгат. 2 упайга ээ болгон Хорватия Словения Англия менен тең ойногондон кийин плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.
Сербдер да өз тайпасында 2 упай алып, 4-орунду ээлегендигине байланыштуу Европа чемпиондугу менен коштошту.
Буга чейин өз тайпаларында 4-орунду ээлеген Шотландия (А), Албания (В) жана Польша (D) турнирден четтетилген.