Футбол боюнча Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе оюн учурунда дагы бир атактуу польшалык чабуулчу Роберт Левандовскийге тил тийгизди.
Тагыраагы, Европа чемпиондугунун тайпалык баскычтагы оюнунун алкагындагы Франция-Польша беттешинде Левандовский Мбаппенин сынган мурдуна колу менен тийип алган.
"RMC Sport" агенттигинин жазганына караганда, Левандовскийдин колу мурдуна тийгенден кийин Мбаппе "иттин баласы" деп сүйлөнгөн.
Бул окуядан кийин жинденген Мбаппе дароо бет кабын чечип, мурдун кармап, текшерген.
25 жаштагы чабуулчу 18-июнда Австрия менен болгон оюнда кагылышуудан кийин мурду канжалаган бойдон талааны таштап кеткен. Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилип, мурду сынганы белгилүү болгон.
Анын Европа чемпиондугундагы тагдыры коркунучта болуп, ойнобой калуусу айтылып жаткан. Бирок ал үчүн атайын бет кап жасалып, турнирге кайтып келген.